• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде Нооруз майрамына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде Нооруз майрамына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны куттуктоо сөзү менен КРнын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков ачты.

Концерттик программа Венгриянын лингвистика жана этнография илимдеринин кандидаты, венгр манасчысы Давид Кара Сомфайдын аткаруусунда, ошондой эле Венгрияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин аткаруусунда улуттук ырлардан турду.

Иш-чарага Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн жана Мадяр-Туран фондунун өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий