• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Касымалиева: Памирлик кыргыздардын алты үй-бүлөсүн Нарын облусуна көчүрүлүп келиши жалпы кыргызстандыктар үчүн маанилүү окуя болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Ооганстандан келген памирлик кыргыздар менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Памирдеги кыргыз боордоштордун өкүлдөрү Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздардын жашоо-турмушунун акыбалынан кабар алганы келишкен. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутат А.Касымалиева көчүрүлүп келген үй-бүлөлөрдүн Кыргызстандын жашоосуна көнүшүп кетиши үчүн баардык шарттар түзүлөөрүн айтты. “Эң башкысы балдар билим алышат”,- дейт эл өкүлү.

Памирлик кыргыздардын өкүлдөрү болсо Кыргызстанга көчүрүлүп келген үй-бүлөлөр бийлик тараптан болуп жаткан иш-аракеттерге, ар тараптуу жардамдарга ыраазы экендиктерин белгилешти. “Болгону туруктуу жашоого үй берүүнү жана аларды облустун башка-башка райондоруна бөлбөөнү суранып жатышат”,- дейт алар.

Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Нарын облусундагы памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, алардын жергиликтүү шартка адаптацияланып кетишин талкуулап келүүнү пландаштырып жаткандыгын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий