• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан менен Кыргызстандын желегиндеги күндү айга алмаштыруу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 26.01.19. /Кабар/. Казакстан менен Кыргызстандын желегиндеги күндүн ордуна айдын элесин түшүрүү керек. Мындай сунушту тажик-ооган чек арасындагы аскердик кагылышуулар ардагерлер союзунун төрагасы Мурат Мухамеджанов билдирди.

Мухамеджанов NUR.KZ редакциясына кат менен кайрылып, желекти өзгөртүүнү сунуштаган. Ал туунун өңүн эмес, күндү исламдын символу катары айга алмаштырууну каалайт.

"Түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында биз менен Кыргызстандын туусунда ай жок. Калган түрк тилдүү мамлекеттерде - Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркияда ал бар. Бирок ал мамлекеттердин макамы исламдык эмес, расмий түрдө светтик өлкө деп айтылган", - деп жазат ал.

Ал башка түрк тилдүү өлкөлөрдөн бөлүнбөш керектигин белгилейт.

"Жогоруда айтылган өлкөлөр менен Түрк кеңешине киребиз жана биз алардан бөлүнбөшүбүз керек деп эсептейм. Мындан тышкары биз бир маданият жана салт бириктирип турган түрк элдеринин тарыхын билүүбүз кажет", - дейт Мурат Мухамеджанов.

Ал түрк маданиятында ай чоң мааниге ээ экенин айтат - жаңырган ай Орозонун башталышын жана аякташын билдирет, андан тышкары мусулмандар ай календары менен жашашат.

Ошондой эле ал Кыргызстанды да мамлекеттик туусундагы күндү айга алмаштырууга чакырган.

Белгилей кетсек, Казакстанда "Ак жол" парламенттик фракциясынын депутаттары өкмөткө Казакстан Республикасы деген атты Казак Республикасы деп өзгөртүүнү сунушташкан.

Пикир

Оставить комментарий