• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакбаев Дүйнөлүк банктын БА өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Хасан Накви катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Р. Казакбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк банктын делегациясына өлкөдө болуп жаткан ички саясий процесстер жана башталган/пландаштырылып жаткан реформалар жөнүндө маалымат берди.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасын өнүктүрүү артыкчылыктары жана Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын портфелин диверсификациялоо жана Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө колдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, республиканын калкын вакцинациялоо, «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумуна даярдык көрүү, продукцияны сертификациялоо жана сапат системасы (ветеринардык жана фитосанитардык чендер) боюнча регионалдык долбоорлорду түзүү маселелери көтөрүлдү.

Өз кезегинде, Лилия Бурунчук КРнын калкын вакцинациялоо, өлкөнүн региондорун өнүктүрүү жана суу менен камсыздоо кызматтарына калктын жетишүүсүн жогорулатуу сыяктуу артыкчылыктуу багыттары жаатындагы демилгелерин колдоого Дүйнөлүк банк кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстандын Дүйнөлүк банктын тобу менен «жашыл экономикага» басым жасоо менен КРдин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатууга жана кошумча нарк менен калкты жумуш менен камсыздоо чынжырчасын түзүүгө түрткү берген регионалдык экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган долбоорлорго күч-аракеттерди концентрациялоо тууралуу макулдашты.

Орто мөөнөттүү кызматташтык стратегиясын актуализациялоого өзгөчө көңүл бурууну чечишти жана жогоруда көрсөтүлгөн бардык аспекттер боюнча андан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий