• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан: Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды эки айга камалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Казакстандын мурдагы президентинин иниси Кайрат Сатыбалды эки айга камалды. Бул тууралуу 15-мартта Нур-Султан шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Коррупцияга каршы кызмат 13-мартта Кайрат Сатыбалдыны чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракет жасаган маалда кармаганын билдирген. Ал Казакстандын мурдагы президентинин туугандарынын ичинен кармалган алгачкы адам болуп калды. 51 жаштагы Кайрат Сатыбалдыга кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана "Казактелеком" акционердик коомунун каражатын уурдоо" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Коррупцияга каршы кызматтын билдиришинче, ал Дубайга чыгып кетмек болгон.

Кайрат Сатыбалды мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген башка кылмыштарга да катышы бар деп шектелүүдө.

Кайрат Сатыбалды — Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 2018-жылы Forbes журналынын казак версиясы Кайратты өлкөдөгү эң таасирдүү 50 бизнесмендин катарына кошкон. Анда анын мүлкү 163 млн долларга бааланган.

Пикир

Оставить комментарий