• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кеминде рейддин алкагында түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 5 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кемин районунда алдын алуу иш-чаралары улантылууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кемин РИИБнин кызматкерлеринин демилгеси менен 2022-жылдын 12-13-март күндөрү өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана башка мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо, ошондой эле өспүрүмдөрдүн көчөлөрдө жүрүүсүн алдын алуу максатында “Өспүрүм-Түн” аталашындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарада милиция кызматкерлери тарабынан түнкүсүн коомдук жайлар, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар жана башка жарандарга тейлөө көрсөтүүчү жайлар текшерилди. Анда ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок түнкүсүн жүргөн 5 өспүрүм аныкталган. Алардын ата-энелери чакыртылып, аларга балдарга ар дайым көзөмөл жүргүзүү зарылдыгы
эскертилди.

Ошондой эле Кемин РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан буга чейин каттоодо турган 14 өспүрүм жана аз камсыз болгон 3 үй-бүлө текшерилип, алар менен алдын алуу багытындагы маектер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Кемин РИИБнин коомдук коопсуздук кызматы тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу жумуштары уюштурулуп, анда КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы жашоочуларга кенен жеткирилди.

Жарлык ашыкча чыгымдарды кыскартууга багытталгандыктан, көпчүлүк жашоочулар тарабынан колдоого алынып, аны тартипке келтирүү үчүн мындай түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүп туруу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий