• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда аба ырайына байланыштуу жолдо калган кыргыз жарандарына тийиштүү жардам берилүүдө – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Казакстанда аба ырайынын оор шарттарына байланыштуу унаасы бузулуп, жолдо калган кыргызстандыктарга тийиштүү жардам берилүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган Кыргыз Республикасынын жарандары менен байланыш түзүлдү, зарыл жардам көрсөтүү үчүн Башкы консул мекендештер турган жерге жөнөп кетти.

"Алынган маалымат боюнча, кыргызстандыктар “Хоргос” эл аралык борборунун жанындагы жылытуу пунктунда турушат. Азыркы учурга 90 жарандын ичинен 40 жаран Кыргызстанга кетти", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, министрлик Башкы консулдук менен биргеликте калган мекендештерди ташуу маселесин иштеп чыгууда жана бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков аба ырайынын оор шарттарынан жана автомобиль техникасынын бузулууларынан улам Казакстанда оор кырдаалга кабылган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берген.

Пикир

Оставить комментарий