• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда аскердик тик учак кыйрап, 13 киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Казакстандын Кызылордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик тик учагы кыйрап, 13 киши каза болду.

Тик учак Актаудан Шымкентке баратканда кырсыкка кабылган. Анын бортунда 13 киши болгон.

Казакстан Коргоо министрлиги учуу "Алтын жебе" атайын бөлүгүнүн машыгууларынын алкагында, караңгыда жана татаал метеорологиялык шартта жүргөнүн белгиледи.

Учурда атайын комиссия түзүлүп, кырсык болгон жерге жөнөп кетишти.

Каза болгон аскер кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө өкмөт материалдык жардам көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий