• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда жүздөн ашуун окуучу кыз жоолуктарын чечти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Январь айынын башынан бери Актөбө облусунда 123 окуучу жоолугун чечип, мектеп формасын кийүүгө макул болду. Жергиликтүү бийлик хиджапчан кыздардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча жыл башында аймакта жоолук салынган 340 мектеп окуучусу катталган.

Окуу жылынын экинчи жарымында жоолукчан кыздарды сабакка киргизбей коюу учурлары көбөйгөн. Айрым ата-энелер мектеп администрациясынын талабына көнүп, кыздарына форма кийгизе башташкан. Бирок айрымдары кыздары милдеттүү түрдө жоолук салынып жүрүшү керек деген көз караштарынан баш тартыша элек. Актөбө акимчилиги учурда 307 окуучу мектеп формасынын талабын аткарбай жатканын маалымдоодо.

Буга чейин бир нече ата-энелер тобу балдардын конституциялык укугу бузулуп жатат деген жүйө менен мектеп жетекчиликтерин сотко беришкен. Актөбө шаардык сотундагы отурум 22-январга белгиленген.

Декабрда Астана соту диний белгилери бар кийимдерге уруксат бербөө тууралуу Билим жана илим министрлигинин буйругун жокко чыгарууну талап кылган Батыш Казакстан облусундагы ата-энелердин арызын канааттандырган эмес.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий