• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда бир суткада 2716 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 716 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 475, Алматы шаарында - 693, Шымкент шаарында - 96 Акмоло облусунда - 150, Актөбе облусунда - 125, Алматы облусунда - 220, Атырау облусунда - 97, Чыгыш-Казакстан облусунда - 86, Жамбыл облусунда - 51, Батыш-Казакстан облусунда - 166, Караганда облусунда - 240, Костанай облусунда - 27, Кызылорда облусунда - 82, Мангистау облусунда - 50, Павлодар облусунда - 75, Түндүк-Казакстан облусунда - 34, Түркестан облусунда – 49 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 309 миң 116 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий