• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алынып келди

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Казакстанда жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, каза болгондордун денеси КРнын Алматыдагы Башкы консулдугу менен Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматташтыгы жана Байкоңур шаарында жашаган кыргызстандыктардын көмөгү менен мекенине туугандарынын коштоосунда жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынан жабыркаган дагы үч кыргызстандык Кызыл-Ордо облусунун Кармакшы райондук ооруканасында жатышат. Жакын арада аларды Кызыл-Ордо облустук ооруканасына которуу маселеси каралат.

Министрлик жол кырсыгынан кийин козголгон кылмыш ишинин иликтенишин көзөмөлгө алганын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча 2019-жылдын 1-августунда Казакстан Республикасынын Кызыл-Ордо облусунун Кармакшы районундагы «Батыш Кытай – Батыш Европа» унаа жолунда «Тойота-Естима» маркасындагы унаанын жана «Мерседес Бенц» жүк унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан Кыргыз Республикасынын беш жараны – 1974-ж.т. А.К., 1978-ж.т. С.Н., 1983-ж.т. А.Т., 1991-ж.т. М.У., 2001-ж.т. К.А. көз жумган.

Аталган окуядан кийин өкмөт башчы Ички иштер министрлигине Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү, анын ичинде набыт кеткендердин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий