• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталып, бир катар имараттар жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасында 26-декабрда саат 16:28де күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер титирөөнүн кесепетинен Кадамжай районунун Совет айылында "Кан" орто мектебинин дубалынан жаракалар пайда болгон.

Мындан сырткары, Баткен районунун Кыштут айылындагы орто мектептин жана Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасынын, ошондой эле Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылда 5 турак үй, Самаркандек айылында бир турак үй жана К.Тагаев орто мектебинин дубалынан жарака пайда болгон.

Жогорудагы социалдык объектилерди текшергенде имараттардын абалы канааттандырарлык абалда болгону аныкталган. 28-декабрь күнү турак үйлөр текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий