• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда жылкынын айынан беш киши жол кырсыгынан каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Түркстан облусунда жол кырсыгынын кесепетинен беш киши жан берди, бирөө ооруканага жаткырылды. Облустук полиция департаменти кабарлагандай, окуя 5-ноябрда Шардара-Абай трассасында болду.

Маалыматтарга караганда, “МАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жолго чыга калган жылкыны сүзгөн. Андан соң рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып, “Лексус” үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Жыйынтыгында жеңил унаанын айдоочусу – Алматы жашоочусу жана анын ичиндеги төрт жүргүнчү набыт болду. Маркумдардын үчөө –Өзбекстан жарандар. Өзбекстандык дагы бир жаран райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.

Бул факт боюнча Казакстан Кылмыш кодексинин “Жол кыймыл эрежесин бузуу” беренеси боюнча иш козголду. Экспертиза дайындалды.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды. Учурда полиция жолго чыга калган жылкынын ээсин аныктоого аракет жасоодо.

Пикир

Оставить комментарий