• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу “Бишкек-Москва” багытындагы поезд токтотулат

Коом 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылууга байланыштуу “Бишкек-Москва” багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Азырынча аталган багыттагы поезд каттамы качан иштей баштай тургандыгы тууралуу так маалымат айтылган жок.

Белгилей кетсек, 24-июнда Түркстан облусунун Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп, жергиликтүү жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлө баштаган.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин билдиришинче, аскер бөлүгүндө жайгашкан кампадан өрт чыкканы тууралуу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 9:20да түшкөн. Арыс Шымкенттен 150 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 43 миң киши жашайт. Курмандыктар тууралуу азырынча маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий