• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын президенти кыргыз элин жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Жалпы мусулман жамааты үчүн боорукерликтин, адеп-аклактын жана ырайымдуулуктун баа жеткис көрүнүшү катары бул улуу майрам мусулмандардын руханий казынасында шек жок өзгөчө орунду ээлейт.

Бакубатчылыкты, байгерчиликти символдоштурган Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана биздин элдерибиздин биримдигин арттырсын.

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз, эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгарыбызга ишенем», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековго бакты-таалай, ак ниет иштерине ийгиликтерди жана жетишкендиктерди, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өсүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

Пикир

Оставить комментарий