• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандын президенти кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүү жасады

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арсындагы абал боюнча билдирүү жасады.

Казакстан президентинин сайтында жарыяланган Казакстан башчысынын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арадагы куралдуу кагылышуулар тууралуу маалыматты кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз жана тажик эли биз үчүн боордош болуп саналат, бизди жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктар бириктирип турат.

Биздин мамлекеттерге жана элдерге тынчтык, толеранттуулук жана өз ара урматтоо мүнөздүү.

Куралдуу кагылышууну токтотуу жана эки мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча жетишилген макулдашууну кубаттайм.

Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери акылмандыгын көрсөтүп, бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен гана чече алышат деп ишенем.

Мен өзүм тарабыман өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга жана өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө аракет кылууга даярмын.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мындай чек ара жаңжалдарын жөнгө салуу механизмин иштеп чыгуу мүмкүн деп эсептейм”.

Пикир

Оставить комментарий