• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.12.22./Кабар/. Кыргыз Республикасынын «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Документ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системанын стратегиясы жалпы улуттук деңгээлдеги социалдык коргоонун тийиштүү системаларын жана чараларын ишке киргизүүгө жана 2030-жылга карата калктын аяр катмарын камтууда олуттуу натыйжага жетишүүгө багытталган.

Ошол эле учурда документ пенсионерлердин татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү орто жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык системанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча багыттарды жана милдеттерди аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий