• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кемин районунда бир катар уурулукка шектелген адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кемин районунда бир катар уурулук фактысына шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук ички иштер бөлүмү ушул жылдын март айынын башында Орловка шаарынын тургундарынын жеке үйлөрүнөн уурдоо фактысы боюнча үч арызын каттаган, анда кылмышкерлер биринчи учурда бир үйдөн жалпы суммасы 200 миң сомду түзгөн алтын буюмдарды уурдап, жана башка үйдөн 50 миң сомдон ашык акча, жана баалуу буюмдарын уурдап кетишкендигин билдиришкен. Кылмышкерлер үйлөргө желим терезелерди кысып киришкени белгилүү болгон.

Бардык билдирүүлөр Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн КЖБРге КР Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында, Чүй облустук ИИББнин жана Кемин райондук ИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 56 жаштагы К.С. аттуу жаран кармалган.

Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий