• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кемин районунда сел Toyota Sienna унаасын агызып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. 30-июлда Чүй облусунун Кемин районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 135-чакырымында Toyota Sienna үлгүсүндөгү унааны сел суулары Чу дарыясына агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда жерине 5 куткаруучу тартылып, унаа изделип жатат.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий