• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош базарынын аймагындагы мыйзамсыз сооданы жөнгө салуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Ош базарынын аймагындагы мыйзамсыз сооданы жөнгө салуу иштерине уланууда. Башаламан соода-садыкка каршы күрөшүүдө ИИМдин кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 25-июлдан тартып Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле Ленин районунун администрациясынын соода бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз соода-сатыктарды ирээтке келтирүү максатында иш алып барышууда. Кызматкерлерге күн сайын мыйзамдуулукту бекем сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча нускамалар ѳткѳрүлүүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий