• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Кепилдик фонду» ААК уставдык капиталы 550 млн сомго көбөйдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. «Кепилдик фонду» ААКсынын уставдык капиталын 550 млн сомго көбөйтүү жөнүндө өкмөттүн буйругу кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун андан ары натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, КР президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында буйрукка кол койгон.

Буйрукка ылайык, «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы жыйынына жөнөкөй акцияларды кошумча эмиссиялоо жолу менен уставдык капиталын 550 млн сом суммасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына “Кепилдик фонд” ачык акционердик коомунун акциялардын кошумча эмиссиясын сатып алууну сунуш кылуу сунушталат.

«Кепилдик фонду» ачык акционердик коому 2016-жылы 72 млн сом уставдык капиталы менен түзүлгөн. Бүгүнкү күнү «Кепилдик фонду» коомунун уставдык капиталы 582 млн сомду түзөт.

Компания ишмердүүлүгү учурунда 1,0 млрд сом суммасына 816 кепилдик берген. Бул уставдык капиталды 100% өздөштүрүүнү шарттаган. Өнөктөш банктар кепилдиктерди тартуу менен ишкерлерге 3,4 млрд сомдон ашуун насыя беришкен. Берилген кепилдиктердин эсебинен 1 миң 508 жаңы жумуш орду түзүлүп, иштеп жаткан 7 миң 21и колдоого алынган.

«Кепилдик фонду» ачык акционердик коомун кошумча капиталдаштыруу берилген кепилдиктердин санынын көбөйүүсүн, өнөктөш банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмүнүн, кепилдиктердин орточо суммасынын, кепилдик портфелинин көлөмүнүн, түзүлгөн жана колдоого алынган жумуш орундарынын санынын өсүүсүн өбөлгөлөйт.

Пикир

Оставить комментарий