• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголгон 5 жашар баланы табышты

Коом 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери жоголгон 5 жашар баланы табышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү саат 20:45те Октябрь райондук милиция бөлүмүнө 5 жашар бала жоголгону тууралуу билдирүү түшкөн. Бала “Көк-Жар” кичирайонундагы көп кабаттуу үйдөн чыгып, үйүнө кайра келген эмес.

Милиция кызматкерлери ал баланы “Көк-Жар” кичирайонунун аймагында бир саатка жеткирбей табышкан.

Пикир

Оставить комментарий