• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлер кабинетинин отчету каралууда.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү министрликтердин жетекчилери катышууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагында аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Анын билдирүүсүнө караганда, 2022-жылы саламаттык сактоо тармагы үчүн 207 атайы жабдуу сатылып алынган. 335 автоунаа: 218 тез жардам, 117 санитардык унаа алынды. 2023-жылы 30 медициналык объектте курулуш иштери жүрдү: облустук ооруканалар жаңырды, перинаталдык борборго 152 млн сом жумшалды.

Быйыл биринчи жолу Кыргыз-түрк ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалды, президенттин фондунан атайын жабдууга 1 млн АКШ доллары бөлүндү.

"Медицина жаатында 101,2 млн АКШ доллар гранттык колдоолор болду. “Кыргыз фармация” ишканасы түзүлдү, анын максаты – мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын жеткиликтүү баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу. Ведомствого 1 млрд сом бөлүнгөн, учурда 600 млн сомго дары-дармектер алынды, фармацевтикалык заводдор менен түз келишимдер түзүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий