• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров “Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк” форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Атакент” Казакстан бизнес-кызматташтык борбору” акционердик коомунун аянтында өткөрүлгөн “Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк” санариптик форумунун пленардык жыйынына катышты (Алматы шаары, Казакстан Республикасы).

Акылбек Жапаров форумдун катышуучуларынын көңүлүн санариптик трансформация жашообуздун бардык чөйрөсүнө таасир эткен көрүнүш экендигине бурду.

“Заманбап геосаясий күн тартиби жана глобалдык катаклизмдер санариптик технологиялардын дүйнөлүк түзүлүштүн саясий, экономикалык жана социалдык компоненттерине таасирин күчөтүүдө. Бардык жаңы технологиялардын жана технологиялык тенденциялардын ичинен мен эки багытты - жасалма интеллект жана криптовалютаны белгилегим келет. Аналитиктер адам сыяктуу ой жүгүртүүгө жана ойлонууга программаланган акылдуу машиналар жакынкы келечекте билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка көптөгөн тармактарда революцияга алып келет деп болжолдошууда. Жакында эле британиялык илимпоздор жасалма интеллекттин жардамы менен 30 күндүн ичинде боордун рагынан айыктыра алганы тууралуу кабар чыкты. Буга чейин ондогон жылдар бою талыкпай изилдөө керек болуп келген”, - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы саламаттыкты сактоо тармагында жасалма интеллект алгоритмдери ооруларды эрте диагностикалоого, дарылоону пландаштырууга жана дарыларды түзүүгө жардам берерин белгиледи.

“Дагы бир мисал келтирейин. Chat GPT аркылуу, бизнес мектебинин экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, онлайн режиминде маектешип, жумушка орношууда. 10 жыл мурун фантазия болгон нерсе бүгүн чындыкка айланды. Мунун баары жаңы перспективаларды ачат. Ошол эле учурда технологиялык өнүгүү темпи бул өзгөрүүлөргө тиешелүү мамлекеттик саясат менен жооп берүү мүмкүнчүлүгүбүздөн ашып баратат. Элис же Сиринин үн жардамчылары кыргыз же казакча сүйлөбөйт деп кооптонуп жатам. Санариптик дүйнөгө кирбеген тилдер жазууга кирбеген тилдердин тагдырына туш болорун баарыбыз түшүнөбүз”, - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрдү да, чакырыктарды да алып келет, ошондуктан анын коомго тийгизген таасирин активдүү башкаруу зарыл.

“Банк секторуна киргизилген чектөөлөр (Visa жана MasterCard системалары аркылуу акча которуулар) биздин аймакта криптовалютанын өнүгүшүнө олуттуу түрткү бергени жашыруун эмес. Эксперттердин айтымында, Бишкек шаарында эле көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү күн сайын 5 миллиондон 10 миллионго чейинки АКШ долларын түзөт. Мен криптовалюта өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң жана терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейм. Криптовалюталардын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири ар кандай факторлорго, анын ичинде өлкөнүн жөнгө салууга болгон мамилесине жана жарандар менен ишканалардын криптовалюталарды кабыл алуу деңгээлине жараша болот. Бул технологиялардын потенциалы таасирдүү, бирок бир катар себептерден улам аларга этияттык менен мамиле кылуу керек. Жасалма интеллектке негизделген ар кандай жаңы технология рынокко кирээрден мурда жөнгө салуу маселелери чечилиши керек”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий