• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кесиптик лицейлер 4 миң беткап тигишти – Билим берүү министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Ош шаарындагы №133, №16 жана №112 кесиптик лицейлер жалпы 4000 миң даана беткап тигишти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы 16-кесиптик лицей 1000 даана беткап тигип, шаардагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатына жардам катарында берди. Учурда дагы кошумча 1000 даана тигилип жатат.

Мындан сырткары №133 кесиптик лицей 2000 даана беткап тигишкен. Ал эми №112 кесиптик лицейге райондук ооруканадан 1000 даана беткапка буюртма түшүп, аны өз убагында даярдашты. Азыр дагы аймактык ооруканалардан, айыл өкмөттөрдөн алган буюртмаларды даярдап жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин имараттары, жатаканалары санитардык тазалоодон өттү. Айрым лицейлердин жатаканалары обсервация үчүн даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий