• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Хоккей боюнча Швеция курама командасы дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 22-май/ кабар/. Швеция курама командасы Дүйнө чемпиондугунда финалдык беттеште Канада курама командасы менен беттешти. Оюндун жыйынтыгында Швеция командасы жеңишке жетишти.

Беттеш Кельн шаарында өтүп, швед хоккейчилери 2:1 (0:0, 1:0, 0:1, 0:0, 1:0) эсебинде буллиттер сериясынан кийин жеңишке жетишкен. Швеция курамасынан шайбаларды киргизүү боюнча айырмаланган оюнчулары Виктор Хедман (40-мүнөттө), ал эми канадалыктардан болсо Райан О Райли (42-мүнөттө) болду.

Былтыркы жылы Россияда өткөн дүйнө чемпиондугунда Канада жеңишке ээ болгон. Бул жолку оюнда Канада курама командасы дүйнө чемпиону титулун коргоп кала алган жок. Шведдер дүйнөнүн он жолку чемпиону болуп калышты.

Ал эми Россия курама командасы 3-орунду ээлешти, кураманын мыкты оюнчусу болгон Артемий Панарин мыкты чабуулчу жана чемпионаттын 15 упайлуу ассистенти болду. Чемпионаттын эң баалуу оюнчусу катары швед Вильям Нюландер таанылды.

Пикир

Оставить комментарий