• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Килкилдек жасоонун сырлары

Дүр дүйнө 0

Көпчүлүк адамдар килкилдекти (холодец) абдан жакшы көрүшөт. Ал пайдалуу гана эмес, даамдуу дагы. Тилекке каршы, бардык эле кожойкелер килкилдек тунук жана жыты буркурап турушу үчүн аны туура кайнатууну биле беришпейт.

  1. Килкилдекти даярдоонун алдында этти жууп, 4-6 саатка чылап коюу керек. Килкилдек үчүн уй этин алган жакшы.
  2. Даяр этти мискейге салып, көмгүдөй суу куюп, кайнап чыккыча отко коебуз.
  3. Суусун төгүп салып, этти сууга жууп, кайрадан мискейге салып, суу куюп, кайнатабыз.
  4. Кайнап чыгаары менен, дароо көбүгүн алып, кайра кайнатуу керек.
  5. Килкилдек аз отто кайнашы керек. Катуу кайнатууга болбойт.
  6. Аны 4-6 саат кайнатабыз.
  7. Тузду башында эмес, кайнап бүтөөрүнө 1-2 саат калганда кошкон туура.
  8. Андан соң сабиз, петрушка, пияз кошобуз. Алтын түстүү болушу үчүн килкилдекке марлиге оролгон пияздын челин кошо кайнатуу зарыл.
  9. Оттон чыгарган соң, килкилдекти 20 мүнөт кое туруңуз. Андан соң этин чыгарып, кооздоо үчүн жашылчаларды колдонууга болот.
  10. Шорпону майда чыпкадан өткөрүү керек.
  11. Этти майдалап туурап, формага салып, шорпону куясыз. Муздагандан кийин муздаткычка салып коюу керек.

Пикир

Оставить комментарий