• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шире суусундуктары онкологиялык ооруларды пайда кылышы мүмкүн

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 17.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Франциялык дарыгерлер шире жана газдалган суусундуктардын аз курамда ичүү дагы онкологиялык ооруларынын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн экендигин аныкташкан. Бул тууралуу British Medical Journal сайты билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Илимий ишке орто курагы 42 жаш болгон дээрлик 100 миңдей адам катышкан. Изилдөөнүн катышуучуларына тамактануусу туурасында суроолор берилген. Ошондой эле, катышуучулардын жашы, жынысы, билими, рак илдети менен жакындары ооруганбы, физикалык активдүүлүгү жана тамеки чегүү сыяктуу жаман адаттары эске алынган.

Натыйжада дарыгерлер кант камтыган суусундуктар, анын ичинде 100%дык жемиш ширесинин жүз миллилитр колдонуусу онкологиялык ооруларга чалдыгуусун 18% жогорулатаарын аныкташкан. Ал эми, эмчек рагына чалдыгуусун 22%га жогорулатат. Бирок, изилдөө жүргүзгөндөр таттуу суусундуктар менен рак илдетинин ортосунда ачык-айкын байланышты байкаган эмес.

Мындан сырткары, дарыгерлер онкологиялык ооруларына алып келүүчү башка себептерин байкаган эмес. Ал үчүн чоң масштабдагы изилдөө жүргүзүү керектелет.

Пикир

Оставить комментарий