• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күн сайын лимон менен бетти сүртүүнүн 5 себеби

Дүр дүйнө 0

Лимон — косметологияда өзгөчө орду бар, пайдалуу цитрус. Аны менен бетти сүртүүнүн 5 себебин косметологдор белгилеп келишет. Көптөгөн кыздар моделдер сыяктуу теринин тунуктугуна жетишүүнү кыялданышат. Бирок сулуулардын сыры эң жөнөкөй элдик каражат - лимондо экенин көптөр биле беришпейт.

Терини жакшыртат

Лимондун курамындагы антиоксиданттар, эфир майлары жана С витамини теринин тонун жакшыртат. Цитрус терини сергитип, өңүн жакшыртып, энергия берет. Лимон жана көк чай кошулмасы менен бетти күн сайын эртең менен сүртүү таасирдүү натыйжа көрсөтөт.

Агартат

Лимон ширесин петрушка чөбүнүн жакшы кайнатылган кайнатмасы менен теңме тең аралаштырып, демдеп коюу керек. Аны менен бетти күнүнө бир жолудан сүртүү зарыл.

Майда тешикчелерди кичиртет

Лимон ширеси беттин майлуулугун жөнгө салат. Түлөп, кызарууга каршы жакшы каражат. Ошондой эле, беттеги майда тешикчелерди кичиртип, теринин абалын жакшыртат. Ал үчүн 2 чоң кашык сулу акшагы, жумуртканын агы эана 5-6 тамчы лимон ширесин аралаштырып бетке 2 кат маска жабуу керек. 20 мүнөттөн кийин лимон ширеси кошулган суу менен жууп саласыз.

Сепкил жана тактарды кетирет

Лимон ширеси сиңирилген пахта тегерекчелерин беттеги сепкилдүү жана так бар жерлерге коюу керек. Жарым саат кармаган соң, жууп саласыз. Күнүнө бир жолудан бир ай бою колдонуу шарт. Эгер бул ыкма беттин терисин кургатып жиберсе, ага тең өлчөмдө бал кошуп коюуга болот. Бал терини азыктандырып, нымдандырат.

Майда бырыштарды кетирет

Лимон ширеси эпидермистин тез жаңылануусуна шарт түзөт. Андагы эфир майлары теринин регенерациясына жооп берип, зат алмашууну жакшыртат. Бул мимикалык бырыштарды жазат. Эртең менен 1 чоң кашык лимонго жарым кашык минералдык суу кошуп жууш керек.

Пикир

Оставить комментарий