• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кинематография департаментинин директору кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек. 11.10.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

"Министрлер кабинети жөнүндө” Конститутциялык мыйзамдын 18-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 20- беренесине ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Бектеналиев Мукталы Абдыбекович башка кызмат ордуна ротация тартибинде которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий