• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: бир суткада өлкө аймагында 24 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын маалыматы боюнча, бир сутка ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыгы катталды.

Маалыматка ылайык, аларды өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган. Алсак, Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 11, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында бирден өрт катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан беш чыгуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий