• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунда машыгуу өттү

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан атайын машыгуу өттү.

ӨКМден билдиришкендей, машыгууда атайын сценарийдин негизинде өрт чыгып, имараттын ичинен соодагерлер жана жарандар эвакуацияланды.

Бул учурда жарандар тарабынан жасалуучу алгачкы кадамдар, эвакуация жолу, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча эрежелер жана коопсуздук көндүмдөр практикалык негизде үйрөтүлдү.

Машыгууга бир күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа) тартылды.

Пикир

Оставить комментарий