• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ күз-кыш мезгилине карата өзгөчө кырдаалды болтурбоонун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.09.17, /Кабар/. ӨКМнин Талас облустук башкармалыгы күз-кыш мезгилинде өзгөчө кырдаалды болтурбоонун камын көрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Талас облусуна караштуу Талас районунун Бердике-Баатыр аймагындагы “Жолтумшук” тилкесиндеги селден сактоочу дамбаны механикалык тазалоо иштери жүрүүдө. ӨКМ тарабынан Бердике-Баатыр айыл өкмөтүнө 5 тонна дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилди. Учурда аталган тилкеге бардык керектүү техникалар тартылып, селден сактоочу дамбаны тазалоо иштери жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий