• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ башчысы Ысык-Көлдө селден жабыркагандардын маселеси менен жеринде таанышууда

Аймак 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев учурда Ысык-Көл облусунун бир катар аймактарында селдин кесепеттерин көзөмөлдөп жеринде таанышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен улам Ысык-Көл облусунда сел жүрдү. Селдин кесепетинен улам турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон. Министр бардык аймактарды кыдырып, селден катуу жабыркаган Өттүк айылында да болду.

Ажикеев жабыркаган үйлөрдү карап чыгып, жер төлөлөрдөн сууну сордурууну тез арада уюштурууну тапшырды. Мындан тышкары, бир үй жараксыз абалга келген, буга байланыштуу бул үй-бүлө үчүн мобилдүү үйдү жеткирүүнү тапшырды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган аймакта 65тен ашык короолорду суу каптап кеткен, анын 20сы жер төлөлөр.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген зыянды эсептөө боюнча жеринде иштеп жатат. Б.Ажикеев ошондой эле жер төлөлөрдөн суу сордуруу үчүн мотопомпаларды тез арада мобилизациялоону тапшырды. Калктуу конушту коргоо максатында райондун, айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Чыгышэлектр, жол кызматкерлеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлдү. Министр ошондой эле Сел жана суу ташкындарынан коргоо агенттигине айылды коргоо боюнча долбоор даярдоону тапшырды. Балыкчы-Каракол унаажолунда тазалоо иштери жүрүп жатат. Учурда селдин кесепетинен келтирилген чыгымдар эсептелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий