• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Сузак районунда жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду

Аймак 0

Бишкек, 24.01.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айыл аймагынын Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болгон,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда болжол менен саат 16:45 чамасында маалыматты тактоо максатында адистер коопту делген аймакка жөнөп кетишкен.

“Сузак райондук ЖК комиссиясы, Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси жер көчкү жүрүү кооптуулугу пайда болгон аймака жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет”,-деп билдишти ӨКМнен.

Пикир

Оставить комментарий