• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт Жаныбарлардын ден соолугун коргоо Дүйнөлүк уюму менен кызматташат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-октябрда, Жаныбарлардын ден соолугун коргоо Дүйнөлүк уюмунун (Эл аралык эпизоотиялык бюро-ЭЭБ) башкы директору Моника Элуа менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы ата мекендик ветеринардык системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Сапар Исаков Кыргызстандын ЭЭБ менен кызматташуусу өлкөдө ветерианрдык кызматтын инфраструктурасын жакшыртууга салым кошорун баса белгиледи.

Мындан сырткары Премьер-министр өлкөдөгү ветерианардык тармакты ЭЭБ эл аралык стандарттарына жана ЕАЭБдин талаптарына дал келе тургандай деңгээлге көтөрүүгө Өкмөт болгон аракетин жумшай турганын билдирди.

«Азыр өлкөдө ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Ошондой эле үй жандыктарын каттоо да жүргүзүлүүдө. Биз ишканалардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон иш-чараларды аткаруу ниетиндебиз», – деди Сапар Исаков.

Ал ошондой эле өлкөдө айыл чарба тармагында, өзгөчө мал чарбачылыгында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Жаныбарлардын ден соолугун коргоо Дүйнөлүк уюмунун (Эл аралык эпизоотиялык бюро-ЭЭБ) башкы директору Моника Элуа Премьер-министр Сапар Исаковго жолуккандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эпизоотиялык абалды жакшыртуу боюнча Өкмөттүн аткарып жаткан иштерин оң баалады.

Ал акыркы жылдары Кыргызстан аталган тармакты көтөтрүү боюнча чоң жетишкендиктерге жеткенин баса белгилеп, Ветеринардык палатанын алдында көз карандысыз статуардык орган түзүлгөнүн кошумчалады.

Аны менен бирге Моника Элуа ветеринардык адистердин дайыма тажрыйбасы жогорулатып туруунун зарылдыгына токтолду.

Ал ар кандай айыл чарбасындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташууну жана колдоону мындан ары улантууга даяр экендигин билдирди. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаныбарлардын ден соолугун коргоо Дүйнөлүк уюмунун ортосунда улуттук ветерианрадык кызматты жакшыртууга жана анын ЭЭБ стандарттарына жооп берүүсүн көзөмөлдөө, мал жандыктарынын ден соолугу жана азык-түлүктөрдүн коопсуздугуна багытталган Макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов менен Жаныбарлардын ден соолугун коргоо Дүйнөлүк уюмунун (Эл аралык эпизоотиялык бюро-ЭЭБ) башкы директору Моника Элуа кол койду.

Пикир

Оставить комментарий