• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 6-апрель күнү өлкө боюнча 752 080 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды, жалпысынан 12077 орундук даярдалган. Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган.

Мындан тышкары, обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат.

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 8295 чалуу катталып, анын ичинен 682 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, 3749 максатсыз чалуулар болгон. Өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 439 куткаруучу жана 117 унаа тартылган”,- деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий