• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөттүн аппарат жетекчилигине жана юстиция министрлигине талапкерлер сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети КР Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан сунушталган Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Мурат Мукамбетовдун жана юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырып, ал маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мурат Мукамбетов Өкмөттүн аппаратында 2003-жылдан бери иштеп, 2012-жылы аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Ал эми Айнур Абдылдаева буга чейин Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий