• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Ысык-Көл облусунда 2800 көчөт отургузулууда

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан Ак-Суу жана Ысык-Көл райондорунун аймагында 2020-жылга бекитилген жашыл долбоорду аткаруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер көчкү коркунучу бар Көк-Дөбө айылындагы 1 гектар тилкеге 1000 даана, Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн Ичке-Жергез айылындагы 2 гектар тилкеге 1800 даана көк терек жана кара жыгач дарактарынын көчөтүн отургузуу жумуштары башталды.

ӨКМ тарабынан аталган аймактарга жалпы 2800 даана көчөттөр отургузулат.

Эскерте кетсек, кырсыкты болтурбоо жана алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, республикабыздын аймагындагы кооптуу делген участкаларга жыл сайын ӨКМдин жашыл долбоорунун алкагында жер кыртышын бекемдөө максатында көчөттөр тигилип келет.

Пикир

Оставить комментарий