• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ жаандан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөгөн жаандан улам дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16нан 19-мартына чейин республиканын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүү коркунучу бар.

Кырсык болгон учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" кызматына кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий