• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Жаанга байланыштуу дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. 24-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, коркунучу жогору болот.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 24-28-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк ашуусу, Чапчыма ашуусу, Талдык ашуусу, Долон ашуусу жана башка аймактарда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий