• 88.68
  • 95
  • 0.95

Курман айтты белгилөөнүн так күнү айтылды

Коом 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 27-июнда арапа күнү болот.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Пикир

Оставить комментарий