• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Жыл башынан бери ар кандай кырдаалдардан 106 адам куткарылды

Коом 0


Бишкек, 19.08.20. /Кабар/.Куткаруу жана өрт куткаруу кызматтары тарабынан 7 ай ичинде ар кандай кырдаалдардан 106 адам куткарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен - жол кырсыгынан 47, өрт кырсыгынан 24, экстремалдык абалда 35 адам куткарылган.

Куткаруучулар тарабынан 591 адамга жардам көрсөтүлгөн. Анын ичинен - 28 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 283 адамга, үйдүн жабылып калган эшиктерин ачууга 280 адамга жардам көрсөтүлгөн. Андан сырткары, Бишкек жана Ош шаардык куткаруу кызматтары тарабынан 2852 муктаж болгон адамга телефон аркылуу кеңеш берилген.

Жыл башынан бери Куткаруу кызматтары тарабынан 1965 чыгуу катталган.

Пикир

Оставить комментарий