• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкор-Атада желим баштыктан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын автобекетинде желим баштыктан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылгандыгын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сөөк кечээ, 26-декабрда болжол менен саат 17:30да табылган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Милиция кызматы сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Аны менен бирге, ымыркайдын энесинин өздүгүн тактоодо.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий