• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкордо дайынсыз жоголгон Бурулсун Сабиталиева изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда дайынсыз жоголгон Бурулсун Сабиталиева изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Мантыш айылынын 38 жаштагы Бурулсун Сабиталиева аттуу тургуну 25-марттан бери үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

“Ал 2-топтогу майып жана үйү каякта экенин билбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилери: бою 155-160 см, башында бос топу, үстүндө чарала спорттук кийим, астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү көлөч кийип жүргөн.

Кочкор райондук милиция Бурулсун Сабиталиеваны көрүп-билгендер болсо (03535)5-02-79, 0706 79-85-60, 0707 80-39-70 номерлерине кайрылууңуздарды суранат.

Пикир

Оставить комментарий