• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкордо мыйзамсыз мергенчилик кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы Кочкор району боюнча мыйзамсыз мергенчилик кылууга каршы рейд уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнүн Чолпон айылында саат 20лар чамасында мыйзамсыз мергенчилик кылып жүргөн адам аныкталган. Анын Зайнидинов Д. аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Мергенчинин куралына жана атып алган канаттууларына уруксат кагаздары жок болуп чыккан.

Далил зат катары 1 ок атуучу курал, 13 чил канаттуусу алынды. Материалдар Кочкор РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий