• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар жаткан ооруканаларда вируска каршы каражаттар жетиштүү - ММК фонду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар жаткан ооруканаларда вируска каршы каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Аталган фонддон белгилешкендей, алар саламаттык сактоо мекемелерине дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарын алууга 266,9 млн сом төлөп берген.

"Азыркы учурда медицина мекемелерине дары каражаттарын тикелей келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилет (келишимдерди мамлекеттик сатып алуулар порталында каттоо керек. Эскерте кетсек, атайын вируска каршы дары-дармектер дарыгерлердин комиссиясынын чечими менен оорусу өтүшүп кеткен жана айрым учурларда орто оор абалдагы бейтаптарга сунушталат. Атайын вируска каршы дары-дармектер коронавирус инфекциясынын жеңил формасында профилактика максатында колдонулбайт", - деп билдирет аталган фонд.

Пикир

Оставить комментарий