• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупцияга каршы күрөшүү. 2022-жылы 92 бажы кызматкери жоопкерчиликке тартылды

Коом 0

Бишкек, 03.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында 92 бажы кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички текшерүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгы тарабынан 86 кызматтык иликтөө жана 34 кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, төрт прокурордук чара көрүү актысы каралган.

Жыйынтыгында көрсөтүлгөн мөөнөттө 92 бажы кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган:

- эскертүү – 55;

- сөгүш – 24;

- катуу сөгүш – 5;

- атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү – 1;

-кызматка толук ылайык келбегендиги жөнүндө эскертүү – 5;

- ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен бошотуу – 1;

- кызматтан бошотуу – 1.

“Сегиз факты боюнча чогултулган материалдар компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилген. Учурда эки кызматкерге карата тергөө иштери жүрүп жатат. 2022-жылдын 2-3-ноябрында төрт кызматкер кызматынан бошотулган, райондук жана шаардык соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын ушул мезгилине карата 70 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, беш факты боюнча чогултулган материалдар компетенттүү органдарга өткөрүлүп, эки кызматкер иштен бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий