• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кош-Таштагы окуя: 48 киши жабыркаган. Анын ичинде 4 адам октон жаракат алган

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кой-Таштагы окуядан 48 адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, кырсыктагандардын арасында жабык баш мээ жаракатын алып, баш мээси чайкалгандар бар. Ошондой эле 13 адам желим ок, 4 адам курал ок жеген. 6 киши анча оор эмес жаракат алган.

"47 адамдын тогузоо амбулатордук түрдө дарыланууда. 1 киши – 22 жаштагы атайын багыттагы жоокер 4-шаардык ооруканада көз жумган. Чүй облустук ооруканага 11 адам кайрылып амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Калганы ооруканага жаткырылган. Улуттук хирургиялык борбордо 2 жаракат алган адам бар. Улуттук госпиталга 8 адам жаткырылып, 4-шаардык ооруканага 26 киши кайрылган", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын кызматтагы жоокер каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий