• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кошумча нарк салыгы комиссиясы боюнча сот: Прокурорлор айыпталуучуларды 15-20 жылга эркинен ажыратууну суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кошумча наркка салык комиссиясы боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Сотто Эмиль Каипов төрагалык кылууда. Сот жарыш сөзгө өткөн.

Прокурорлор күбөлөрдүн көрсөтмөсүн окуп, айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, аларды кийинки жазага тартууну өтүнгөн:

- Дилбара Боронбаева – 20 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат ордун ээлөө укугун алуу;
- Эсенгул Кенжебаевди 20 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат ордун ээлөө укугун алуу;

- Медетбек Рыскуловду 20 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат ордун ээлөө укугун алуу;
- Айнура Байгазиеваны 20 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат оордун ээлөө укугун алуу;

- Кубанычбек Кумашовду 20 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат оордун ээлөө укугун алуу;

- Замирбек Ниязалиев – 15 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат оордун ээлөө укугун алуу;

- Алмазбек Сагынбекова – 15 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат оордун ээлөө укугун алып салуу;

- Баязит Азизбеков – 20 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат оордун ээлөө укугун алып салуу;

- Арстанбек Мэлсов – 20 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат оордун ээлөө укугун алып салуу;

- Максатбек Бекиров – 20 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга чейин белгилүү бир ишмердик/кызмат оордун ээлөө укугун алып салуу;

- Арзыгул Өмүркулов – 5 жылга эркинен ажыратуу, 1400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыпка тартуу жана башка коргоо чарасын өзгөртүп сот залынан камака алуу;

- Сабырбек уулу Султан – 5 жылга эркинен ажыратуу, 1400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыпка тартуу жана башка коргоо чарасын өзгөртүп сот залынан камака алуу;
- Алишер Ишматов – 5 жылга эркинен ажыратуу.

Прокурордун айтымы боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө жалпысынан 82 млн. сом кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий